Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

ИИМ: Обсервацияда баш ийбегендер жоопко тартылат (видео)


«Манас» аэропортунун жанындагы обсервация. 17-май, 2020-жыл.
«Манас» аэропортунун жанындагы обсервация. 17-май, 2020-жыл.

Обсервация талаптарына баш ийбегендер мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бул тууралуу 18-майда онлайн брифингде ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Ал обсервациядагы чуунун себебин «инфекциялык ооруканада жаткандарды үй карантинине чыгарып жатыптыр, а бизди обсервацияда кармап отурушат» деген сөз тараганы менен түшүндүрдү.

«Бул факт боюнча Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу түшүндүрүү иши жүргүзүлүп жатат. Эгер обсервацияда жатып, милициянын жана дарыгерлердин талаптарына баш ийбегендер болсо, Кыргызстандын мыйзамдарына жараша жоопко тартылат», - деди ал.

Коронавируска байланыштуу чек аралар жабылып, орус-казак чек арасында бир айдан ашуун кармалып отурган кыргызстандык мигранттарды өкмөт казак тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 7-майда алып келген. 541 адам тогуз автобус менен 2 миңден ашуун чакырым жол жүргөн.

17-майда алар обсервацияда чуу чыгарган видеосу Интернетке тараган. Атын атагысы келбеген бир жаран нааразылыктын себебин «анализи таза адамдар кармалып» жатканы менен түшүндүргөн.

Саламаттык сактоо министрлиги мигранттарды «Манас» аэропортундагы обсервацияга жаткырган. 18-майда министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев алар автобус менен жол жүрүп келгендиктен коронавирус жугуу коркунучу жогору болгонун, андыктан обсервацияда кармалып, анализдер жакшылап текшерилип жатканын айткан.

18-майга карата Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 78 адамдын табылса, алардын 43ү Соль-Илецк шаарынан келгендер экени расмий айтылды.

10-майда илдет табылган 71 адамдын 55и да Соль-Илецкиден келген мигранттар болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG