Бишкектин четиндеги «Семетей» обсерваторунан анализи эки жолку текшерүүдөн кийин таза чыккандардын баары үй карантинине которулду. Бул тууралуу 19-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ошол эле учурда соңку бир сутка ичинде бул обсерватордо жаткандардын дагы үчөөнөн коронавирус табылды.
Анын айтымында, жалпысынан Орусиянын Соль-Илецк шаарынан Казакстан аркылуу Бишкекке автобус менен 541 кыргызстандык жеткирилген. Алардын 101инен коронавирус табылып, обсервациядан ооруканага которулган.
Калгандарынын арасынан кошумча байкоого муктаж 19 адамдан тышкары баарын үй карантинине чыгарылмак болуп, 18-майда атайын уюштурулган автоунаа менен Бишкекте жана Чүйдө жашагандар үйүнө жеткирилди. Бүгүн башка аймактагыларды жеткирүү иши уланууда.
17-майда «Семетейде» кармалып жаткандар чуу чыгарган видео Интернетте тараган болчу. Саламаттык сактоо министрлиги окуя учурунда ошол жердеги «Тез жардам» автоунаасынын айдоочусунун кийими айрылганын билдирген.
Нааразылыкка чыккандар алар негизсиз кармалып жатканын айтып, коё берүүнү талап кылышкан.
Үсөнбаев 18-майда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, 19 адамдан башкасы ансыз деле чыгарылмак болгонун, чуунун чыгышына ортодо «туура эмес маалымат тарап кеткени» себеп болгонун айтты.
Жалпысынан 19-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1243 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 898 бейтап сакайып кетти. (RK)