Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:21

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери онлайн жыйынга чогулат


Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда видео форматта өтөт. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйынга мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков катышат.

Беларустун төрагалыгы менен өтө турган бул жыйында интеграцияны тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери, жакынкы жылдардагы өнүгүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБге кирген мамлекеттердин макроэкономикалык саясаты талкууланат.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG