Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Берлин менен Париж 500 млрд. евролук фонд түзүүнү сунуш кылышты


Немис канцлери Ангела Меркел менен француз президенти Эммануэл Макрон.
Немис канцлери Ангела Меркел менен француз президенти Эммануэл Макрон.

Германия менен Франция Евробиримдиктин экономикасын жандандырыш үчүн 500 миллиард евролук фонд түзүүнү сунуш кылышты. 18-майда немис канцлери Ангела Меркел коронавирус пандемиясын «Евробиримдиктин тарыхындагы эң оор кризис» деп атап, андан көбүрөөк жабыркаган тармактарга жана аймактарга фонддун эсебинен жардам берүү зарыл экенин белгиледи.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон бул акысыз жардам болушу керек экенин айтты. Европанын борбордук банкынын төрайымы Кристин Лагард демилгени колдоду. Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да Берлин менен Париждин чечимин кубаттап, бул демилге «Европа туш болгон экономикалык кыйынчылыктын масштабын тааныйт» деп билдирди.

Коронавирус пандемиясы күчөп турганда биримдиктин өлкөлөрү бири-бирине жетиштүү көмөктөшпөгөнү билинип, буга байланыштуу уюмга мүчө болгон айрым мамлекеттердин ортосунда пикир келишпестик байкалган. Буга чейин кризисти жеңиш үчүн орток баалуу кагаз чыгарып сатып, түшкөн акчага катуу жабыркагандарга жардам берүү жөнүндө сунуш колдоо тапкан эмес.

Эл аралык Валюта Фонду коронавирус пандемиясынан улам быйыл Еврозонанын экономикасы 7,5% төмөндөй турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG