Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Абаны автоунаалар көп булгап жатканы айтылды


Бишкекти каптаган көк түтүн. Февраль, 2020-жыл.
Бишкекти каптаган көк түтүн. Февраль, 2020-жыл.

Бишкектин абасын көбүнчө автоунаалар булгап жатат. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчисинин орун басары Элдияр Шерипов парламенттин 20-майдагы жыйынында депутат Махабат Мавлянованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мекеме жайы-кышы абанын булганышынын алдын алдын алыш үчүн иш-чаралар топтомун иштеп чыккан.

«Абанын булганышына менчик мончолордун да таасири бар. Мындан тышкары абаны 13-14% Бишкек Жылуулук электр борбору булгай турганы белгилүү», - деди Элдияр Шерипов.

Жыйында Руандада 2016-жылдын 15-октябрында кабыл алынган «Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна киргизилген түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экологдор соңку жылдары Кыргызстандын борборунда абанын булганышы тууралуу коңгуроо кагып келатышат. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.

Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метеорология боюнча борбору (Кыргызстандарт) АКШ элчилигинде орнотулган абанын сапатын текшерүүчү «Airnow» жабдуусу 2019-жылы ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы таза эмес шаарлардын бири экенин көргөзгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG