Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Аткаминерди алган мүлкүн ЖМКга ачык жарыялап турууга милдеттендирүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда аткаминерлердин жашырган мүлкүн аныктоо механизмдери күчөтүлмөй болду. 20-майда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мамлекеттик органдарда иштегендердин салык декларациясын толук текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү негиздемелердин санын азыркы экиден сегизге чейин көбөйтүү пландалып жатканын айтып берди.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун багыттарынын бири – декларация толтурган аткаминер жана анын жакындары мүлк сатып алса, бул маалымат Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы керек болот.

Сагынбаев: «Бул мыйзамдын кабыл алынышы менен биздин декларациялык өнөктүк кыйла натыйжалуу болот. Өз кирешеси менен чоң чыгашаларын жаап-жашырып келген адамдар эртеби-кечпи кылмыш жообуна тартылат», - деди.

Стратегиянын долбоору Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, Башкы прокуратуранын жана Жогорку соттун кароосуна жиберилгени белгилүү болду.

Президент Жээнбеков коррупцияга аралашкан ким болбосун, ээлеген кызматына, наамына жана мурдагы жетишкендигине карабастан тийиштүү жазасын алышы керек экенин айтты.

Быйыл коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болуп жатат деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG