Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Орус-казак чек арасындагы мигранттар учак жана автобус менен жеткирилмей болду


Аэропортто учак күткөн кыргызстандыктар. Иллюстрациялык сүрөт.
Аэропортто учак күткөн кыргызстандыктар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Оренбург облусундагы Бузулук районунда топтолуп турган кыргыз жарандарынын бир бөлүгү үчүн 20-майда Оренбург-Бишкек түз авиакаттамы уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бул учакка балдар, аялдар, кош бойлуу келиндер, улгайгандар жана оорулуулар отургузулду. Мындан тышкары Оренбургдан кыргызстандыктарды Казакстан аркылуу алып келүү маселеси да иштелип чыкканы маалым болду. Ошентип, чартердик авиакаттамдан кийин удаа эле Казакстан аркылуу автобустар жолго чыгат.

Бишкекке келгенден кийин баары обсервацияга алынат.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Бузулук районунда топтолгон кыргыз жарандарын мекенге кайтарыш үчүн 200 орундуу чартердик каттам уюштурулганын маалымдаган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Бузулукта турган 500гө жакын кыргызстандыкты мекенине кайтаруу аракети уланып жатканын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG