Кримтөбөл Азиз Батукаевди экстрадициялоо маселеси 2021-жылы каралышы мүмкүн экенин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 21-майда парламентте отчёт берип жатып билдирди. Депутат Бакирдин Субанбековдун суроосуна жооп берген учурда Жамшитов Азиз Батукаев Орусиянын Чеченстан Республикасында төрт жылга соттолгонун, учурда жазасын өтөп жатканын кабарлады.
«2021-жылы жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин аны экстрадициялоо маселеси көтөрүлүшү ыктымал», - деди Жамшитов.
Криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз, мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча кылмыш ишин иликтөө 2019-жылдын январында кайра калыбына келтирилген. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн. Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 киши айыпталууда. Күнөөлөнүп жаткандардын арасында Батукаевге диагноз койгон дарыгерлер, лаборант, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жана башка аткаминерлер бар.
Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ишти Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы кайра тергеп, сотко өткөрүп берген. (NT)