Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Кичи автобустардын ээлерине жана айдоочуларына жаңы эрежелер эскертилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте милиция карантинден кийин кайра жүргүнчү ташууга кирише турган автотранспорттук ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга милициянын Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн кызматкерлери, Бишкек мээриясынын, Салык кызматынын өкүлдөрү жана жүргүнчү ташуучу 43 фирманын директорлору, айдоочулары катышты.

Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, айдоочуларга жеке гигиенанын, санитардык эрежелерди так сактоонун, беткап жана мээлей кийип иштөөнүн, жүргүнчүлөр менен ортодогу аралыкты так сактоонун зарылдыгы тууралуу эскертилди.

Эгер автоунаанын техникалык кемчиликтери жана айдоочунун тиешелүү документтери жок болсо милиция Тартип бузуу жөнүндө кодекстин негизинде чара көрө ала турганы айтылды.

Бишкекте коронавирус коркунучунан улам март айынын экинчи жарымында алгач кичи автобустар, кийин автобустар жана троллейбустар толук токтогон.

Өкмөт шаар ичинде гана каттаган коомдук транспорттун бардык түрүнө 25-майдан тартып уруксат бергени жатат.

Коомчулукта бул чечимди колдогон да, сындаган да пикирлер арбын. Ооруну жугузбаш үчүн адамдар арасында 1,5-2 метрлик аралык сакталышы керек деген талап бар. Коомдук транспортто, айрыкча маршруттук кичи автобустарда андай мүмкүнчүлүк жокко эсе. (RK)

XS
SM
MD
LG