Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилеринин иши тергөөдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) "Айтел" ишканасынын лицензиясынын мыйзамсыз узартылуусуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, "Айтел" ишканасынын лицензиясы мыйзамсыз узартылуусу боюнча Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилерине Кылмыш кодексинин 320.2-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда иликтеп-тергөө иштеринин алкагында мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү да эсептелип жатат.

Финансы полициясы бул иш өзгөчө көзөмөлдө турганын белгилөөдө.

«Айтел» жоопкерчилиги чектелген ишканасына лицензия радио жыштыкты пайдаланууга берилген. Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин көтөргөн. Ал «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга катышы жок экенин далилдесин жана алешемдиктер үчүн жооп берсин, укук коргоо органдары тез арада буга анын катышы барбы же жокпу, иликтеши керек» деген талап койгон. Кийинчерээк өкмөттүк аппарат депутаттын суроосуна жооп берип, «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш тармагындагы мыйзам бузууга катышы болушу мүмкүн экендиги тууралуу депутаттын сөзүнө эч кандай негиз жок» деп билдирген.

Узап бараткан аптада Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн шектүү катары беш киши камакка алынды. Алардын арасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери, «Ала ТВ» компаниясынын өкүлү бар. Камакка алынган беш кишинин дагы бири - агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубованын орун басары. Черногубованын өзүн УКМК жана Аскер прокуратурасы 12-майда камакка алган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG