Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 10:16

Сардаба апааты боюнча эки киши кармалды


Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Сырдарыя облусунун Сардаба (өзбекче «Сардоба») суу сактагычындагы дамбанын жырылышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алгачкы жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Маалыматка ылайык, бул окуядан кийин эки кишиге кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-майда Сардаба суу сактагычындагы окуянын себепкерлери жазаланарын билдирген.

Аталган суу сактагычты курууга мамлекеттик бюджеттен 404,4 миллион АКШ доллары жумшалган.

1-майдын таңында Өзбекстандын Казакстанга чектеш Сардаба суу сактагычы жырылып, эки өлкө 100 миңден ашуун жаранын коопсуз жайга көчүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG