Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Өлкөдө вирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 280 кишиге жетти


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы медициналык беш кызматкердин анализинен табылды. Алар баары тең Бишкектеги медициналык мекемелерде иштегендер экени аныкталды.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, кечээтен бери бир медкызматкер айыкты.

Жалпысынан бул илдетке чалдыккан медицина өкүлдөрүнүн саны 280 кишиге жетти, алардын 231и айыккан.

Оору жуккандардын көбү, 230дан ашууну - аялдар, калгандары эркектер.

Ал эми географиялык көрсөткүч боюнча алып караганда Бишкекте эң көбү – 110 кызматкер. Нарын облусунда 54, Ош шаарында 49, Ош облусунда 28, Жалал-Абад облусунда 24, Чүй облусунда 12 жана Баткен облусунда үчөө.

Бишкектик дарыгер, 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева COVID-19 илдетин жугузуп алгандан кийин абалы начарлап, 2-майда көз жумган. (RK)

XS
SM
MD
LG