Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

Депутат Акаев: Өкмөт аппаратынын жетекчиси сурак берип жатканын жашырууда


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «Жетинчи каналдагы» маегинде «радио жыштыкты кайра каттоодогу кылмыш иши боюнча өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин сурак берип жатканын жашырууда» деп өкмөткө кине койду:

«Өкмөт башчы жыштык боюнча «бул туура эмес маалымат» деп жатат. Бирок андай эмес. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Байланыш агенттигинин кызматкерлери болуп баш-аягы беш киши кармалды. Премьер-министрдин аппарат башчысы күн сайын сурак берүүдө. Аны жашырып жатат».

УКМК да, өкмөттүн Самат Кылжыев жетектеген аппараты да депутаттын дооматын төгүндөй да, бышыктай да элек.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-майда парламентте бул ишке тиешеси жок экенин, тескерисинче жыштыктарды сатуу боюнча текшерүү тууралуу өзү тапшырма бергенин айткан. Ал эми аппарат жетекчиси жөнүндө маалымат берген эмес. Ошол эле күнкү парламент жыйынында аскер прокурору Нуркамал Набиев жыштык маселеси боюнча айрым жогорку кызмат адамдары да сурак берип жатканын ырастап, бирок алардын аты-жөнүн айткан эмес.

12-майда Аскер прокуратурасы менен УКМК биргелешкен мекеме аралык тергөө тобу Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубованы кармаганы, ал «AlaTV» компаниясынын 200 МГц диапазонундагы жыштыгын «Билайн» уюк байланыш операторуна мыйзамсыз каттоого байланыштуу иште шек саналып жатканы кабарланган.

Бул кылмыш иш боюнча УКМКнын эки кызматкери, «AlaTV» ишканасынын өкүлү жана Наталья Черногубованын орун басары камакка алынган. Жалпысынан беш киши тергөө абагында отурат.

Жанарбек Акаев 20-майда парламентте бул боюнча атайын билдирүү таратып, премьер-министрден жыштык сатуудагы коррупциялык ишке тиешеси бар-жогу тууралуу маалымат беришин талап кылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG