Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

КСДПнын жетекчиси алмашып, эки депутат саясий кеңештен чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жетекчиси алмашты. 27-майда партиянын басма сөз кызматы маалымат таратып, саясий кеңештин шейшемби күнкү отурумуна анын 24 мүчөсү катышып, анда партиянын ичинде түзүлгөн кырдаал талкууланганын, эч кандай чечим кабыл алынбаганын билдирди:

«Партия жетекчилигинин бир бөлүгү Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүгө тартылгандыктан КСДПнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова бул кызматтан баш тартып, аны Анвар Артыковго өткөрүп берди».

Маалыматка караганда, ошондой эле Рыскелди Момбеков, Кундуз Жолдубаева, Ирина Карамушкина саясий кеңештин мүчөсү, төраганын орун басары катары милдеттерин аткарууну токтотушту. Маалыматта ошондой эле Ирина Карамушкина саясий кеңештин жана партиянын мүчөлүгүн убактылуу токтоткону, ал эми саясий кеңештеги мүчөлүгү токтотулган Рыскелди Момбеков, Кундуз Жолдубаева, Назгүл Мамытова партиянын мүчөсү бойдон калышканы жазылган. Ал эми Мээрбек Мискенбаев, Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев саясий кеңештен да, партиядан да чыкканы, партиянын мүчөлүгүнөн Кундуз Ажибекова да чыкканы белгиленген.

Маалыматта саясий кеңештин курамын кимдер толуктаганы тууралуу жазылган эмес.

Аты аталган саясатчылар да акыркы өзгөрүүлөр тууралуу ачык пикирлерин айта элек.

Буга чейин Адил Турдукулов «Азаттыкка» партиядын чыгуунун себебин «партиянын, өзгөчө саясий кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда чечилгис карама-каршы ойлор түптөлүп калыптыр» деп түшүндүргөн.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина 21-майда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына Атамбаевдин уулдары жана партиянын бир бөлүгү «Социал-демократтар» деген жаңы партия түзгөнүн жазган.

15-майда Кой-Ташта Атамбаевдин уулдары жыйын өткөрүп, партиянын саясий кеңешинин курамын кыйла өзгөртүү, жетекчилик маселесин карап чыгуу тууралуу сөз кылганы, алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча программасын талкуулаганы кабарланган.

Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп калган.

Атамбаев баштаган бир топ адамдар Кой-Таш окуясы үчүн айыпталып, соттолууда. (RK)

XS
SM
MD
LG