Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Атамбаевди колдогон КСДП шайлоого карата программасын талкуулады


Сүрөт Сейитбек Атамбаевдин «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлдөрү 15-майда Кой-Ташта жыйын өткөрүп, алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча программасын талкуулады. Бул тууралуу маалыматты Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыялады.

Жыйында ошондой эле партиянын Саясий кеңешинин курамын кыйла өзгөртүү, жетекчи маселесин да карап чыгуу, координаторлордун бирдиктүү реестрин түзүп, аймактардагы ишти күчөтүү зарылдыгы, азыркы бийлик өлкөнүн орчундуу маселелерин чече албай жатканы тууралуу кеп болгону кабарланды.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. 2019-жылдын август айында ал «Коррупция» беренеси менен камакка алынган. КСДПнын катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги аны 2019-жылы КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн.

Бийлик КСДПнын, Атамбаевдин сындарын четке кагып келет.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөрүү пландалган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG