Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:35

Спикер коронавирустун алдын алууга, эрежелерди сактоого үндөдү


Дастанбек Жумабеков.

Парламенттин 28-майдагы жыйынында спикер Дастанбек Жумабеков коронавирус илдетине байланыштуу кыргызстандыктарга, ишкерлерге кайрылды. Ал вирустун алдын алыш үчүн өкмөткө жардам берүүгө, коомдук жайларда беткап менен жүрүүгө, тазалык эрежелерин сактап, антисептик каражаттарын колдонууга, коомдук транспортто жана башка эл көп жерлерде аралыкты сактоого чакырды:

«Биз бул илдеттин туу чокусуна жете элекпиз. Аны жеңе элекпиз. Дүйнө жеңе элек. Качан гана тийиштүү вакцина чыкканда жеңе алабыз. Өкмөт, штаб, медицина тармагы эрежелерди сактоо тууралуу кайрылып атат. Чоң базарлар, соода борборлору ачылып, ишканалардын ишине уруксат берилди. Бирок «ачылды» деп эле мурдагыдай мамиле кылуу туура эмес. Режимди, эрежелерди сактасак вирус менен күрөш оңой болот. Сиздерден ушуну суранам».

28-майга карата Кыргызстанда 1594 адамдан коронавирус табылды. Анын 6% - алты жашка толо элек балдар.

Вирустан 1066 адам айыгып чыкты, 16 киши коронавирус жуккандан кийин каза болду.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG