Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Чыныбай Турсунбеков: КСДПнын депутаттары келечегин башка жактан издеп жатат


Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты, парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан социал-демократиялык партиясындагы (КСДП) акыркы жагдайлар, фракциянын иши тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди:

«Азыр партия бир жерге, бир жолго токтой албай атат. Ал эми фракция менен партиянын байланышы үзүлгөн. Фракциянын депутаттарынын дээрлик көпчүлүгү тагдырын, келечегин башка жактардан издеп жаткан чагы. Издеп кеткен десек да болот».

КСДПнын мүчөсү Турсунбеков өзүнүн партиядагы келечектеги орду жөнүндө так позициясын билдирген жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын басма сөз кызматы 27-майда маалымат таратып, Мээрбек Мискенбаев, Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев, Кундуз Ажыбекова партиядан чыкканын билдирген.

Маалыматта: «Партия жетекчилигинин бир бөлүгү Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүүгө тартылганына байланыштуу төраганын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова кызматтык милдеттерин тапшырып, аны Анвар Артыковго өткөрүп берди. КСДПнын төрагасынын орун басары деген милдетти Рыскелди Момбеков менен Кундуз Жолдубаева да тапшырды. Алар саясий кеңешке мүчө болууну токтотту, бирок партияда калышат. Төраганын дагы бир орун басары Ирина Карамушкина саясий кеңеште да, партияда да мүчө болуусун токтотууда» деп жазылган. Бул чечимдер партиянын саясий кеңешинин 26-майдагы жыйынында каралганы, ага 24 мүчө катышканы айтылган.

Карамушкина партиядан чыккан-чыкпаганы тууралуу комментарий бере элек.

Саясий кеңештин жаңы курамына байланышкан суроо ачык калды. Партиянын маалыматына караганда, саясий кеңештин жыйынында түзүлгөн кырдаал гана талкууланып, андан бөлөк чечим кабыл алынган жок.

Атамбаевди колдогон КСДПда жарака кеткени өткөн аптада ачыкка чыгып, Атамбаевдин уулдары Сейитбек жана Кадыр Атамбаев «Кыргызстан социал-демократтары» деп аталган өз алдынча партия түзүп алганы белгилүү болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG