Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Нааразы болгондор Актөбөнүн базарын ачтырышты


Актөбөнүн борбордук базары.
Актөбөнүн борбордук базары.

Казакстандын Актөбө шаарында нааразылык акциясынан кийин карантинге жабылган «Ортолук» борбордук базары баштаган соода жайлары ачылды.

«[Коронавирус] жугуу коркунучу жоголуп кеткен жок. Ошон үчүн Актөбөнүн базарлары 10.00дөн 17.00гө чейин гана иштейт. Актөбөдө борбордук базар, мал базар, тетик, курулуш материалдары жана кийим саткан базарлар 27-майдан тартып ачык», - деп билдирди шаардын акиматы.

Үч миң киши иштеген базардын кире беришине дезинфекциялоочу өтмөк коюлду. Кирип бараткандардын дене табы текшерилип, атайын жабдылган төрт пункттан өтүшөт.

25-майга чейин бир апта боюу борбордук базардын соодагерлери чогулуп, базардын иштешине уруксат берүүнү талап кылышкан.

Казакстанда коронавирустун таралуусун басаңдатуу максатында март айынан тартып киши көп чогулган жерлер жабыла баштаган. Айлап созулган ишсиздиктен кыйналганын айтышкан соодагерлер Казакстандын башка да аймактарында базарларды ачууну талап кылып жатышат.

28-майга карата өлкөдө коронавирус жуктургандар 9,5 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG