Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Кытай Гонконгдун коопсуздугу боюнча мыйзамды кабыл алды


Кытай Эл өкүлдөрүнүн улуттук жыйыны. 28-май, 2020-жыл.
Кытай Эл өкүлдөрүнүн улуттук жыйыны. 28-май, 2020-жыл.

Кытайдын Эл өкүлдөрүнүн улуттук жыйыны 28-майда жыйынтыкталды. Анын алдында Бээжинге баш ийген Өзгөчө административдик аймак – Гонконгдун улуттук коопсуздук маселесине байланыштуу мыйзам кабыл алынды.

«Бул «бир өлкө, эки система» саясатын колдойт жана жакшыртат. Бул Конституцияга жана Гонконгдун негизги мыйзамына шайкеш жана бардык кытайлыктардын, анын ичинде гонконгдуктардын кызыкчылыктарына жооп берет», - деп билдирди Улуттук жыйындын туруктуу комитетинин башчысы Ли Чжаньшу.

Мыйзамды 2878 делегат колдоп, бирөө каршы добуш берди. Жетөө калыс пикирде калган.

Жаңы эреже жикчилдикке, бөлүп-жарууга, козголоңго шыкак берүүгө, террордук аракеттерге жана чет элдик кийлигишүүгө каршы деп түшүндүрүлгөн. Ошондой эле Кытайдын чалгын кызматтарынын аймакта иш алып барышына жол ачат.

Кытайдын коопсуздук мыйзамына каршы Гонконгдун миңдеген тургуну нааразылык акцияларын өткөрүштү. Алар Бээжин автономиянын ички ишине кийлигишип, басымды күчөткөнүн белгилешет.

Кошмо Штаттар, Евробиримдик, Британия, Канада жана Австралия Бээжиндин жаңы демилгесин сындап чыгышкан.

"Бир өлкө, эки система" саясатына ылайык, Гонконг автономия катары ички ишин, финансы маселелерин өзү чечет. Буга байланыштуу аймакта Кытайдын башка бөлүгүнө караганда сөз эркиндиги, түрдүү акцияларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү кенен.

XS
SM
MD
LG