Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Кыргызстан коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусуна жеткенин билдирди. Бул тууралуу ал 28-майда Жогорку Кеңеште депутат Марлен Маматалиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.
«Коңшу мамлекеттерге жана башка өлкөлөргө салыштырмалуу абалды туруктуу кармап калдык. Бирок ушуга да жеткизбесек болот эле. Биз ушул тапта коронавирустун жайылуу мөөнөтү боюнча туу чокуга чыктык. Азыр 1594 кишиден вирус табылып, 1066 адам айыкты», - деди Каратаев.
Май айынын акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандар көбөйдү. 27-майда 52 кишиден, ал эми 28-майда 74 адамдан коронавирус табылды.
Дартка чалдыккандардын жарымынан көбү 30-64 жашта. Өспүрүмдөр 11%, балдар 6% түзөт. Ооругандардын эң көбү (35%) Бишкек шаарында, экинчи орунда (19%) Нарын облусу, үчүнчү орунда (15%) Ош облусу турат.
28-майга карата Кыргызстанда 1594 адамдан коронавирус табылды. Илдеттен 1066 адам айыгып чыкты, 16 киши коронавирус жуккандан кийин каза болду.
Буга чейин өлкөдө коронавирус жуккандардын көбөйүшүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонгон болчу. (BTo)