Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

«Талибандын» чабуулунан кеминде 14 жоокер курман болду


Ооган коопсуздук күчтөрү.
Ооган коопсуздук күчтөрү.

«Талибан» кыймылы өкмөттүк армиянын көзөмөл-өткөрмө пунктуна чабуул коюп, кеминде 14 жоокери набыт болду. Чабуул 29-майга оогон түнү Ооганстандын чыгышындагы Данд ва Патан районунда болгонун Коргоо министрлиги тактады.

Пактиянын губернатору Мухаммед Ахмадзай 20 талиб жоочусу жок кылынганын билдирди.

«Талибан» бул чабуулду «коргонуу максатындагы аракет болгон»деп маалымат таратты.

Ооган жетекчилери талибдерди 28-майда башка да көзөмөл-өткөрмө пункттарына кол салуу үчүн айыпташты. Чабуулдар эки тараптын сүйлөшүүсү кайра жанданып жаткан учурга туш келүүдө.

Ооганстанда жарандык согуш 19 жылдан бери уланууда. «Талибан» кыймылы өлкөнүн жарымына жакынына көзөмөлдүк кылат. Алар менен дүйнөлүк коомчулук тааныган Кабулдагы өкмөт ынтымакка келиш үчүн өз ара сүйлөшүү аракетинде.

Орозо айт учурунда үч күндүк атышпоо тууралуу макулдашуу түзүлгөн. Анда ооган өкмөтү 900 талибди абактан бошотуп, жалпысынан эки миңин эркиндикке чыгарган. «Талибан» өкмөттүк аскерлер жана мамлекеттик кызматкерлер катарына кирген 300дөн ашуун туткунду кое берди.

Февралдагы АКШ-«Талибан» келишимине ылайык Кабул беш миң, талибдер миң кишини бошотушу керек. Ошол эле келишимге ылайык АКШ бул өлкөдөгү аскерлеринин санын азайтып, натыйжада толук чыгарып кетүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG