Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:42

"Кылым шамы": Рузиевдин ишин көзөмөлгө алабыз


Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

“Кылым шамы” укук коргоо борбору Камил Рузиевдин иши акыйкат териштирилишин көзөмөлгө алат. Бул тууралуу 30-майда “Азаттык” радиосуна борбордун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Ал Рузиевдин кармалышы боюнча жакынкы күндөрү укуктук баа берилерин айтты:

“Азыр жагдайды толук билбеген үчүн мен ал туура же туура эмес кармалды деп айткандан алысмын. Айтайын дегеним - Камил Рузиевди 20 жылдан бери билем, анын мыйзам бузууга барганына ишене албай турам. Биз бул ишти көзөмөлгө алабыз. Жакынкы күндөрү укуктук баа беребиз”.

Рузиевдин кармалышы боюнча «Саясий репрессияга каршылык комитети» аттуу коомдук уюм да билдирүү таратып, Кыргызстанда жарандык коомдун күч жана муниципалдык органдардагы жемкорлук тууралуу ачык айтып чыккан өкүлдөрүнө карата чагым аракеттери жүрүп жатканын белгиледи.

Ысык-Көл облусунда укук коргоочу Камилжан Рузиев кармалганын 30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Рузиев жасалма документ жасоо фактысы боюнча айыпталып жатат.

Укук коргоочу Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат “Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам тергөө ишин жүргүзүп жатат” деп маалымдады.

Рузиев буга чейин ички иштер органдарындагы абалды сындап келгени белгилүү. (GT)

XS
SM
MD
LG