Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:31

«Саясий репрессияга каршылык комитети»: Жарандык коомдун ишин басуу аракети жүрүүдө


Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Саясий репрессияга каршылык комитети» аттуу коомдук уюм Кыргызстанда жарандык коомдун күч жана муниципалдык органдардагы жемкорлук тууралуу ачык айтып чыккан өкүлдөрүнө карата чагым аракеттери жүрүп жатат деп эсептейт.

Уюмдун жетекчиси Адил Турдукулов 30-майда "Азаттык" радиосуна билдиргендей, “Бийлик соңку кезде жарандык коомдун ишмердүүлүгүн атайылап басуу аракетин көрүп, авторитардык мамлекеттердин өкмөттүк эмес уюмдарга, блогерлерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына карата көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзамдарын көчүрүп алып жатат. Мындан тышкары жарандардын фундаменталдык укуктарын коргоо үчүн көп жылдар бою күрөшүп келе жаткан жарандык коомдун айрым өкүлдөрүн күч органдарынын катышуусу менен жаманатты кылуу аракети жүрүүдө. Калича Умуралиевага карата соңку чагым аракетин жана караколдук активист Камил Рузиевдин кармалышын биз жарандык коомдун тартип коргоо жана муниципалдык органдардагы коррупциянын бетин ачкан эң активдүү өкүлдөрүнө карата коркунуч жаратуу катары баалайбыз”.

Ысык-Көл облусунда укук коргоочу Камилжан Рузиев кармалганын 30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Рузиев жасалма документ жасоо фактысы боюнча айыпталып жатат.

Укук коргоочу Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат “Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам тергөө ишин жүргүзүп жатат” деп маалымдады.

Рузиев буга чейин ички иштер органдарындагы абалды сындап келгени белгилүү.

Өткөн айда ал Каракол шаардык санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлеринин Саламаттык сактоо министрлигине коронавируска каршы күрөш боюнча кайрылуусун «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыялаган.

УКМКнын билдирүүсү тууралуу азырынча Рузиевдин өзүнөн же жактоочуларынан комментарий боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG