Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Жейми Флай: Так маалымат таратуу адам өмүрүн сактоого көмөктөшөт


Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жейми Флай, 11-декабрь, 2020
Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жейми Флай, 11-декабрь, 2020

Эркин Европа/Азаттык радиосунун журналисттеринин жаңы коронавирус шартында жарыялаган макалалары көптөгөн өлкөлөр үчүн маалыматты жашыруу кадимки көрүнүш экенин айгинеледи.

Эл аралык радионун президенти Жейми Флай 29-майда “Пандемия учурунда биздин кызматтарыбыз бар өлкөлөрдө маалыматты жашыруу жана калпты жайылтуу вирустун андан ары тарашына, коомдук саламаттыкка коркунуч алып келүүдө" - деди.

Флайдын сөзүнө караганда, Орусиядагы, Казакстандагы, Тажикстандагы, Ирандагы жана башка өлкөлөрдөгү окурмандар медиакорпорациянын макала-баяндары адамдардын коопсуздугун сактоого көмөктөшүп, өкмөттөргө кырдаалга жараша чара көрүүгө түрткү берип жатканын белгилешет.

Флай "Настоящее время" телеканалынын, Азаттык" радиосунун иран, орус, казак жана тажик кызматтарынын эмгегин өзгөчө баалайт.

"Азаттыктын" тажик кызматы расмий статистикага ишенич жок болуп турган чакта бул өлкөдө COVID-19дан каза болгондордун көз каранды эмес тизмесин түзүп жатат.

Тажик бийлиги дээрлик бир ай бою Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму - ДССУнун сунуштарын четке кагып, өлкөдө коронавируска чалдыккандар бар экенин танып келди. 30-апрелде гана Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 менен алгачкы бейтаптар катталганын маалымдады.

Флай “Азаттык” радиосунун тажик кызматы - "Озоди" радиосу каза болгондордун расмий статистикасын иликтеп жатканын айтты. «Бийлик 30-апрелден 15-майга чейин 33 адам көз жумганын билдирди, бирок Душанбе шаарынын гана көрүстөндөрүндө бул маалда жаңы казылган 50 жай пайда болду», - деди медиакорпорациянын президенти.

"Озодинин" макалаларынан кийин өлкө бийлиги журналисттердин көрүстөндөргө кирип, видео тартуусуна тыюу салып койду.

Тажикистандын Тышкы иштер министрлиги “Озоди” радиосунун сегиз кабарчысын аккредитациядан өткөрүүнү создуктуруп, алар ишин уланта албай жаткан чакта эл так маалыматка муктаж болууда. Флай белгилегендей, “Фейсбуктагы” өкмөткө ыктаган фейк-аккаунттар тажик бюросунун кызматкерлерине асылып, журналисттерди келекелеген сүрөттөрдү жарыялап, аларды мазактаган комментарийлерди жарыялап жатышат.

«Алар дүйнөдөгү кайраттуу, элге кызмат үчүн өз өмүрүн тобокелге салган журналисттер. Бийлик өкүлдөрү чындыкты тааныгысы келбей, тоскоолдук кылууда. Өкмөт журналисттер менен “алышып” жаткан чакта биз адамдарды сактап калуу үчүн маалымат таратып жатабыз», - деди Флай.

Пандемия шартында Эркин Европа/Азаттыктын материалдары көп окулуп, буга чейинки көрсөткүчтөр жаңыланды. Быйыл март айында мурунку айларга салыштырганда Эркин Европа/Азаттыктын сайттарына киргендер дээрлик эки эсе – 48% көбөйүп, жалпы саны 77 миллионго жетти.

Май айында сайттардагы жана социалдык түйүндөрдөгү окурмандардын саны 128,5 миллионго жетип, ага чейинки айларга караганда 43% көп болду.

Эркин Европа/Азаттыктын аудиториясы "Фейсбук", "Ютуб" жана "Инстаграм" социалдык платформаларында да кеңейди. Апрель айында биздин "Инстаграмдагы" баракчаларга катталгандар кескин көбөйүп, март айына салыштырганда 72% өстү.

COVID-19: Күттүргөн вакцина качан табылат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:57 0:00

XS
SM
MD
LG