Коронавирус пандемиясы, чек ара чатагы сыяктуу өкмөт башчынын деңгээлинде чечилчү орчундуу маселелер көбөйүп турганда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ишке чыкканы туура болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков акыркы кырдаал боюнча «Азаттыкка» комментарий берип жатып билдирди:
«Кырдаал өтө кыйын болуп турат. Ушундай кырдаалда маанилүү бийлик бутагынын, аткаруу бийлигинин башчысы катары анын аракетин элдин баары күтүп жатат. Иште болушу, анын алкагында тийиштүү аракеттерди жасашы керек экенин баарыбыз түшүнүп турабыз. «Мен ишке чыгам, бирок териштирүү иштерине кийлигишпейм» деп айтат го деп ойлоп атабыз. Менимче, бир-эки күндө чыкса керек».
27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыскача эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радиожыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүргөн.
Чек арада кырдаал курчуп турганда өкмөт башчынын эс алууда болушун социалдык түйүндөр аркылуу сындагандар болууда.
Өкмөттүн басма сөз кызматы сын-пикирлерге жооп бере элек, премьердин ишке качан чыгарын айта элек.
Премьер-министрдин милдеттери биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго жүктөлгөн.
31-майда Баткенде, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде чыккан чуудан Кыргызстандын 25 тургуну жабыркап, төртөө ооруканада жатат.(NT)