Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Мадумаров: Сох-Риштан жолу боюнча маселе талкуулана элек


Сих-Риштан жолу. 2019-жылы жол бир нече саатка ачылып, кайра жабылган.
Сих-Риштан жолу. 2019-жылы жол бир нече саатка ачылып, кайра жабылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлиги Сох-Риштан жолун ачуу тууралуу маселени талкуулай элек. Бул тууралуу 2-июнда «Азаттыкка» вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

Мадумаров чек арада чыр-чатактын келип чыгышына биринчи кезекте чек аранын такталбагандыгы жана жайыт, суу пайдалануу маселелери себеп болуп жатканын айтып, Сох-Риштан жолун ачыш үчүн эки тараптын макулдугу менен катар Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) эрежелерине туура келүү жөнүндө талап бар экенин айтты:

«Жайыт жана суу боюнча өкмөт өз чечими менен мыйзамдарга дал келтирип, белгиленген тартипте эки тараптуу жергиликтүү деңгээлге ыйгарым укуктарын берсек, бул, менин оюмча, туура болот. Бул эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында чечилет. Ал эми жолду ачуу маселеси эч убакта бир тараптуу чечилбейт. Сөзсүз түрдө экинчи тараптын макулдугу керек. Эгер Сохтун тургундары Өзбекстандын премьер-министрине маселе койсо, бул өкмөттүк деңгээлде чечилиши зарыл. Чечилгенде да экинчи тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши керек. Ошондуктан бул маселе чечилди дегенден алыспыз. Бул сүйлөшүүлөрдүн негизги күн тартибине киргизилчү маселе. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, ал эми Өзбекстан бул уюмга мүчө эмес. Ошондуктан чек ара аймактары, соода-сатык маселеси ЕАЭБ тартибинин жана эл аралык келишимдердин негизинде каралат. Бүгүнкү күндө талкуулана элек».

Өзбекстанга таандык Сох району - Кыргызстандын аймагында жайгашкан анклав. 2013-жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдан кийин Сох-Риштан жолу жабылган. 2019-жылы кыска мөөнөткө ачылып, кайра жабылган.

Быйыл 31-майда Баткенде, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде чыккан чуудан Кыргызстандын 25 тургуну жабыркаган. Учурда алардын төртөө ооруканада жатат. «Озодлик» радиосу жаңжалдан өзбекстандык 16 адам түрдүү жаракат алганын жазды. Өзбекстан муну расмий бышыктай элек.

1-июнда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Сох районунун тургундары менен жолугушкан. Учурда социалдык түйүндөрдө ал ошол жолугушууда кыргыз бийлиги менен Сох-Риштан жолун ачуу тууралуу сүйлөшкөнүн айтканы тууралуу маалыматтар чыгууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG