Парламенттин 3-июндагы сессиясында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов акча алмаштыруучу жайларды жабуу боюнча сунуш тууралуу депутаттардын суроолоруна жооп берди:
«Биздин жарандар «акча алмаштыруучу жайлар жабылат» деп туура эмес түшүнүп атышат. Алар жабылбайт. Болгону акча алмаштырууга берилген лицензиянын түрү өзгөртүлөт. Мисалы, учурда акча алмаштыруучу жайлардын операциялары жеңил. Сунуш берип, бир миллион сом капитал коюп, патент алып иштей берсең болот. Бирок акча алмаштыруучу бюролордун операциялары банктардыкынан эки эсе көп. Улуттук банк муну колдош керек деген позицияда. Азыр пандемияга байланыштуу жумуш орду деген маселе чыгып атат. Бирок качан жана кандай жабыларын дагы бир сыйра комитетте, өкмөттө, акча алмаштыруучу жайларда талкуулап, анан чечим кабыл алыш керек».
Абдыгуловдун айтымында, Улуттук банк акча алмаштыруу жайларына байланышкан маселени мурда да көтөрүп, колдоо таппай калган.
«Улуттук банк 2015-жылы ушундай сунуш киргизген. Тилекке каршы, өкмөттө да, Жогорку Кеңеште да колдоо тапкан жок. Быйыл депутаттар тобунан сунуш түшүп атат. Улуттук банк бул маселени акырындык менен жөнгө салыш керек деп эсептейт. Негизи, акча алмаштыруучу жайлар банктын алдында болушу керек. Бул жерде көп суроо болуп атат», - деди ал.
Жогорку Кеңеш сессияда «Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамга өкмөт киргизген өзгөртүүлөрдү экинчи окууда талкуулады.
Буга чейин акча алмаштыруучу жеке менчик бюролорду жабуу жөнүндө сунуш камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
Аны Жогорку Кеңештин депутаттары Алиярбек Абжалиев, Гүлшат Асылбаева, Салайдин Айдаров, Искандер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Айнура Осмонова жана Экмат Байбакпаев иштеп чыгып, демилгени сомдун кунун сактап калуу катары көрсөтүшкөн.
Депутаттар арасында жана коомчулукта «элге ыңгайсыз болот» деген негизде мыйзам долбоорун чакыртып алууга чакыргандар чыккан.
Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясын алып иштеп жаткан 450 акча алмаштыруучу жай бар. (NT)