Кыргыз тилчи Перизат Даткаева карантин шартында күндөп-түндөп иштеген мугалимдердин бири. Ал мектептер аралыктан окууга өткөндөн бери ар бир классына күндө жаңы видеолорду тартып жатты. Жаш мугалим мектептеги класстардын бош калганын көрүп, окуучуларын абдан сагынганын айтып берди.