Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Дастанбек Жумабеков: Мамлекетке кылган кызматыбызды келечек баалайт (видео)


Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин төрагасы.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 4-июнь - парламентаризм күнү менен депутаттарды жалпы сессияда куттуктады. Төрага кыргыз парламентинин, анын ичинде Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын мамлекеттин түптөлүшүнө, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгиледи. Бул чакырылыштагы депутаттардын ишине келечекте «баа берилет» деди:

«VI чакырылышта жасалган иштерибиз, кабыл алынган мыйзамдар, балким, бүгүнкү күндө сезилбей жатса керек. Албетте, бүгүнкү күндө көңүл бурулбай атса керек. Бирок, бир күн келет, биздин жасаган кадамдарды, элге, мамлекетке жасаган ишибизди убакыт өзү көрсөтөт, айтылат. Ошондо бир баа берилет. Бирок, ачуу чындыктар да айтылып атат, кемчиликтер да айтылып атат, биз ал кемчиликтерден эч убакта качпай, туура эмес дегенден алыс болуп, аны тууралаганга, оңдоого дайыма ишибизди жүргүзүп келебиз».

Төрага беш жыл ичинде бул парламент мамлекеттин өнүгүшүн шарттаган мыкты мыйзамдарды, анын ичинде 28 жылдан бери чечилбей келаткан социалдык проблемаларды чечүүгө түрткү болгон мыйзамдарды кабыл алганын белгиледи. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөштү колдогон, саясий ири чечимдер, токтомдор кабыл алынганын айтты.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы ишин 2015-жылы күз айында баштаган. Ал 120 депутаттан куралып, алты фракция иштейт. Анын мөөнөтү 2020-жылдын октябрында аяктайт. Келерки парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтүшү керек.

Пикирлерди көрүңүз (24)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG