Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Парламент кыргыз-өзбек чек ара маселесин жабык карай турган болду


Чечме. 31-май, 2020-жыл.
Чечме. 31-май, 2020-жыл.

Жогорку Кеңеш 4-июндагы жалпы сессиясында кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматын угууга киришти. Бороновдун жыйындын негизги бөлүгүн жабык өткөрүү тууралуу сунушу колдоо тапты.

31-майдагы кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактын чоо-жайы тууралуу өкмөттүн маалыматын угууну буга чейин депутаттар сунуш кылышкан.

2-июнда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети да кыргыз-өзбек чек арасындагы абалды жабык караган.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. Өзбекстан 187 жараны жарадар болгонун кабарлады.

2-июнга караган түнү Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Эски-Таш аймагында аңчылык куралдан атылган октон кыргызстандык жаран жарадар болгону расмий маалымдалган. Тажикстандын Чек ара кызматы бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасында карапайым тургундар арасында ок атуу соңку айда экинчи жолу катталды. (NT)

XS
SM
MD
LG