Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Сыдымановдун сотуна журналисттер киргизилген жок


Элмирбек Сыдыманов.

Блогер Сыдымановдун сотуна журналисттер киргизилген жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Али Магеев билдирди.

Жактоочунун айтымында, 5-июндагы отурумда тараптардын жарыш сөзү аяктады. Эми 8-июнга белгиленген отурумда соттолуучуга акыркы сөз берилип, өкүм чыгат.

Магеев иштин ачыктыгын камсыз кылуу максатында бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү барганын, бирок алар сотко катыша албаганын айтты:

«Менин өтүнүчүмдү судья четке кагып, эч кимди киргизбей койду. Коронавируска байланыштуу коопсуздук чаралары бар экенин айтты».

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал быйыл февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.

Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат. 2-июндагы отурумда прокуратура блогерди сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.

Сыдымановдун апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулу кастыкка чакырбаганын айткан жана анын ишине калыс көзөмөл жүргүзүүнү өтүнгөн. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG