Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
6-июнга карата бир медкызматкер айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 389 учур катталды, алардын ичинен 273 медкызматкер айыгып чыккан.
Жалпысынан 6-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 1974 адамдан табылды, алардын ичинен 1360 бейтап сакайып кетти. COVID-19 вирусу табылган 22 бейтап каза тапкан. (TSh)