Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Блогер Сыдымановго өкүм чыгышы күтүлүүдө


Блогер Элмирбек Сыдыманов.
Блогер Элмирбек Сыдыманов.

8-июнда Бишкекте блогер Сыдымановго өкүм чыгышы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Али Магеев билдирди. Анын айтуусунда, бул күнкү отурумда соттолуучуга акыркы сөз берилип, соңунда өкүм чыгары күтүлүүдө.

5-июндагы соттук териштирүүдө тараптар жарыш сөзгө чыккан. Ал күнү сотко журналисттер киргизилген эмес.

«Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү блогер быйыл февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.
Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат. 2-июндагы отурумда прокуратура блогерди сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.(ZKo)

Сыдыман: Алты жылга соттолгудай кылмыш кылган эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:53 0:00

XS
SM
MD
LG