Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Сыдымановдун соту экспертизанын жыйынтыгынан кийин уланмай болду


Элмирбек Сыдыманов.
Элмирбек Сыдыманов.

Блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча соттук териштирүү экспертиза аяктаганча убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Али Магеев билдирди.

Жактоочунун айтымында, 8-июндагы отурумда судья блогердин айткандары боюнча комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү керектигин айтып, териштирүү ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин уланат деген чечим чыгарды:

“Сыдымановдун сөздөрүндө кастыкты козутуу барбы-жокпу, экспертиза аныктагандан кийин уланат. Ага чейин сот убактылуу токтотулду”.

Буга чейин адвокат сотко Элмир Сыдымановдун сөзүндө аймак аралык кастыкты козутууга чакырык жок экенин далилдеш үчүн дисктерди алып барып, лингвистикалык экспертиза дайындоону суранган. Бирок сот макул болбой койгон.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал быйыл февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.

Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат. 2-июндагы отурумда прокуратура блогерди сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.

Элмир Сыдымановдун апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулу кастыкка чакырбаганын айткан жана анын ишине калыс көзөмөл жүргүзүүнү өтүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG