Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:40

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Батырбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды


Алмазбек Батырбеков.
Алмазбек Батырбеков.

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Батырбеков өзү билдирди.

«2015-жылы парламенттик шайлоого баратканда партия жаңы болуп, ар-кимибиз өз дараметибизге жараша шайлоо участкаларын алып, белгилүү бир добуш алуу үчүн иштегенбиз. Менден кийин келе турган Бейшенаалы Нурдинов деген агабыз Бишкекте иштеп, эң көп добуш алган. Бирок партиядагы кээ бир адамдар алган милдетин аткарбай калган учурлар болгон. Ошондуктан бул киши кезегин күтүп көпкө отуруп калды. Мен «кезегиңиз келсе мен ордумду бошотуп бергенге даярмын» деп айткан элем. Анан ал кишинин кезеги келгендиктен сөзгө туруп бошотуп бердим».

Батырбеков мандатын тапшыруунун дагы бир себеби катары алдыда болчу парламенттик шайлоого даярдык көрүү менен түшүндүрдү.

Мунун алдында «Кыргызстан» фракциясынын дагы бир депутаты Руслан Чойбеков да мандатын тапшыруу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазган. БШК арызды 9-июнда карайт. Чойбеков Казакстанда кармалган мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун ордуна 2018-жылдын апрелинде келген.

13-майда «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев да мандаттарын тапшырган. Алар жергиликтүү басылмаларга алдыдагы шайлоого даярданыш үчүн ушул кадамга барганын айтышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы ушул эле күнү мандаттарды Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаевге берген. (BTo)

XS
SM
MD
LG