Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 23:02

"Кыргызстан" фракциясынан Замирбек Эсенаманов менен Бейшеналы Нурдинов ант беришти


"Кыргызстан" партиясынын желеги.

Жогорку Кеңештин 10-июндагы сессиясында "Кыргызстан" фракциясынан жаңы келген депутаттар - Замирбек Эсенаманов менен Бейшеналы Нурдинов ант берип, кызматка киришти.

Замирбек Эсенаманов буга чейин мандатын тапшырган Руслан Чойбековдун, Бейшеналы Нурдинов фракциянын мурдагы лидери Алмазбек Батырбековдун ордуна келди.

Мунун алдында «Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Алмазбек Батырбеков мандатын тапшырган. Анын себебин алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүү менен түшүндүргөн.

Фракциянын дагы бир депутаты Руслан Чойбеков да мандатын тапшыруу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазган.

13-майда «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев да мандаттарын тапшырган. Алар жергиликтүү басылмаларга алдыдагы шайлоого даярданыш үчүн ушул кадамга барганын айтышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы ушул эле күнү мандаттарды Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаевге берген. (NT)​

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG