Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Ошто милициянын кайгуул кызматына талапкерлер кабыл алына баштады


Ош шаары. Сынактын катышуучулары.
Ош шаары. Сынактын катышуучулары.

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматына талапкерлерди тандоо боюнча сынакка документтер кабыл алынып жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 10-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева билдирди.

Анын айтымында, сынак быйыл 16-мартта жарыяланган, бирок коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулган. Жалпысынан 219 кызматкерди кабыл алуу пландалууда:

“5-июндан баштап сынак өткөрүү боюнча иш-чаралар улантылып, талапкерлердин документтери кабыл алынууда. Сынак жарыяланган күндөн тартып 219 кызмат ордуна жалпы 202 адам арыз жана билдирме менен кайрылды”.

Шаршееванын айтымында, документин тапшырган 202 адамдын жетөө кыз-келиндер.

Кыргызстанда быйыл 1-июлдан тартып патрулдук (кайгуул) милиция Бишкектен тышкары бир нече шаарда да иштей баштарын 21-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген. Кыргызстанда буга чейин патрулдук милиция түзүлүп, бирок кайра жоюлган.

Бишкекте былтыр сынак жүргүзүлүп, патрулдук милицияга 600 кызматкер кабыл алынган, дагы 100дөй орун бош турганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG