Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Батукаевдин иши боюнча дагы 13 кишинин иши сотко өттү


Азиз Батукаев. 2017-жыл.
Азиз Батукаев. 2017-жыл.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинде шек саналган дагы 13 кишинин иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Куватова "Азаттыкка" билдирди.

"Жалпы 19 кишинин үстүнөн жазык иши болгон. Буга чейин төрт кишинин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберилген. 14 киши тергөө менен иштөөгө макул болуп, макулдашуу түзүлгөн. Ал тергөө аяктагандан кийин 13 адамдын иши сотко кетти. Касымов деген адвокат боюнча тергөө жүрүп жатат. Дагы бирөөгө издөө жарыяланган".

Наргиза Куватова 13 кишинин иши сотко качан өткөнүн жана качан караларын так айткан жок. Анын маалыматына караганда, бул ишти Бишкектин Свердлов райондук соту карайт.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда Нарындагы түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган.

Булардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши буга дейре сотко өткөн болчу. Калгандары тергелип жаткан. (BTo/NT)

XS
SM
MD
LG