Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Телерадио боюнча расмий мекеме “3-каналга” кол салууну кескин айыптады


"3-каналдын" кеңсеси. 07.06.2020
"3-каналдын" кеңсеси. 07.06.2020

Кыргызстандын телерадио тармагы боюнча мамлекеттик расмий органы Таластагы “3-канал” туш болгон окуяга байланыштуу билдирүү таратып, “кол салууну кескин айыптай турганын” белгиледи.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникация департаменти 10-июнда тараткан билдирүүдө “көз каранды эмес телеканалга кол салуу тууралуу кабар өтө чоң өкүнүү жана капалык менен кабыл алынганы, анткени Кыргызстан көптөгөн жылдардан бери сөз эркиндиги сакталып, корголуп келаткан демократиялык өлкө экени” айтылды.

Билдирүүдө “Департамент ниети бузуктардын мындай аракети жол берилгис деп эсептейт жана күч органдары “3-каналга" кол салууну ыкчам, тыкыр жана калыс иликтейт деп ишенет. Департамент “3-каналдын” жамаатын ар тараптан колдойт, телеканал тезирээк калыбына келип, натыйжалуу ишмердүүлүгүн мандан ары улантат деп үмүттөнөт” деп белгиленди.

Мекеме «3-каналга» санарип эфирге өтүүгө уруксат 2018-жылдын 30-мартында берилгенин кошумчалады.

Талас шаарындагы «3-канал» деп аталган телеканалдын кеңсесиндеги 7-июндагы өрткө байланыштуу сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 210-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Бөтөн мүлктү өрттөө жолу менен жок кылуу же бузуу) негизинде жүрүп жатат. Телеканал Талас облусунда 2017-жылдан бери иштеп келатат. Анын жетекчиси Жаннат Токтосунова кеңсе атайын өрттөлгөнүн, бардык техника күйүп кеткенин «Азаттыкка» билдирген. Телеканал болжол менен 10-15 миң долларлык чыгымга учурады. (RK)

XS
SM
MD
LG