Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу анын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүүнүн мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Жактоочу Бакытбек Жумашев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) июнь айынын башында Жумалиев жашаган үйдө жана ага катталган батирде, “жалпысынан 3-4 кыймылсыз мүлктө” тинтүү жүргүзгөн:
“Мыйзамсыз эч нерсе табылган жок. Болгону, Жумалиевдин кызына таандык 20 миң доллардан ашык акчаны алып кетишти. Аны эмненин негизинде алып кетишти, түшүнүксүз. Биринчи май райондук сотунун токтомдоруна апелляциялык даттануу киргиздим. Себеби тергөөнүн тинтүүгө берген уруксаты “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамга каршы келет. Бул мыйзамдын 24-беренесинде “ЖК депутатынын үйү, мүлкү тинтүүгө жатпайт” деп жазылып турат. Бул боюнча Жазык-процесстик кодексте атайын эрежелер бар”.
Адвокаттын айтымында, сот жараяны 18-июнда уланмай болду.
Финансы полициясы Жумалиевге жана анын жакындарына таандык мүлк аныкталганын 26-майда кабарлап, анын мүлкү боюнча Башкы прокуратура каттаган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк табылганын билдирген:
«Аларда Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал түзүүчү, жетекчи болуп саналат экен. Ошондой эле Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталды. Сотко чейинки териштирүү уланып жатат».
Финансы полициясы Жумалиевге карата териштирүүнү «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде жүргүзүп жатат.
Мындан тышкары Ички иштер министрлиги «Чоң казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин Жумалиев тууралуу Интернеттеги билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын 26-майда кабарлаган.
Бишкектин Ленин райондук сотунда Жумалиевдин «ар-намыска шек келтирүү» деген негизде Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү талап кылган арызы каралып жатат.
Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турган учурда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп билдирген. (RK)