Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

«Аялдардын шериктештик маршы» боюнча сот уланууда


Бишкек. 2020-жылдын 8-марты.
Бишкек. 2020-жылдын 8-марты.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда быйыл 8-мартта Жеңиш аянтында «Аялдардын шериктештик маршын» уюштурууга аракет кылгандар боюнча сот жараяны жүрүп жатат.

Райондук милиция маршка чыккан беш катышуучуну “милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийген жок” деп, ар бирине 3 миң сомдон айыппул салган болчу. Алардын үчөө («8/365» кыймылынын мүчөсү) мындай чечимге макул болбой, сотко кайрылган.

Кыймылдын адвокаты Евгения Крапивина “Азаттык” радиосуна билдиргендей, 11-июнда райондук сотто активисттердин арызын кароо уланды. Милиция марш мыйзамсыз экенин жана катышуучулар тарап кетиши керектигин эскерткени тууралуу видео далилин алып келиши үчүн убакыт берилип, кийинки отурум 12-июнга белгиленди.

Крапивина соттук териштирүү учурунда алардын колуна тийген бир документ суроо жаратып жатканын айтты:

"Биздин колубузга жаңы эле соттун 10-марттагы чечими тийди. Милиция бизди “администрацияга маалымат берген эмес, ошондуктан коопсуздугун камсыз кыла алган жокпуз” деп билдирген болчу. Бирок, көрсө, биздин марш баштала электе эле, бир саат мурда милицияда ыкчам жыйын болгон экен. Ошол жыйында бизди “кармаш керек” деген чечим кабыл алышыптыр, биз аянтка чогула электе эле. 10-мартта сот биздин бирибизди да чакырбай туруп милициянын ошол аракетин туура деп тааптыр".

Быйыл 8-мартта Бишкекте Жеңиш аянтындагы митингден кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген, алардын алтоо кыз-келиндер, бешөө эркек болчу.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлгөнүн, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилгенин кабарлаган. «Феминалле» жана «8/365» коомдук уюмдарынын 8-марттагы митинги уруксатсыз уюштурулганын белгилеген.

«Аялдардын шериктештик маршы» деген ураан менен акция өткөрүү пландалып жаткан учурда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учураткан. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташкан.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылган.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG