Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Түндүк Корея АКШнын саясатын сындады


Cингапурдун Сентоса аралында АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын документке кол коюп жатышат. 12-июнь, 2018-жыл.
Cингапурдун Сентоса аралында АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын документке кол коюп жатышат. 12-июнь, 2018-жыл.

Пхеньян Түндүк Корея менен АКШ лидерлеринин Сингапурдагы алгачкы саммитинин эки жылдыгын утурлай Вашингтондун саясатын сынга алды. Өлкөнүн тышкы иштер министри Ри Сон Гвондун мындай мазмундагы билдирүүсүн "Кореянын борбордук жаңылыктар агенттиги" (KCNA) 12-июнда жарыялады. Анда Кошмо Штаттардын Түндүк Кореяга карата саясаты Вашингтон Пхеньян үчүн узак мөөнөттүк коркунуч бойдон кала берерин көрсөткөнү, өлкө бул коркунучка каршы туруу үчүн дагы ишенимдүү аскердик күчтөрүн өнүктүрө берери белгиленген.

Ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен түзгөн жеке мамиле саясий упай топтоого гана басым жасоону көздөгөндөй гана туюлганы, дипломатиялык чоң жылышка алып келбей турганы айтылган. Түндүк Кореянын башкы дипломаты эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы жеке мамиле менен гана маселени алдыга жылдыруу мүмкүн эмес экенин кошумчалаган.

2018-жылдын 12-июнда тарыхта биринчи жолу АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери Сингапурда жолугушуп, анын соңунда президент Дональд Трамп Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жараяны “абдан тез башталат” деп жарыялаган. Бирок андан бери бул багытта чоң жылыш байкалган жок. Трамп менен Ким Чен 2019-жылдын февраль айында экинчи жолу кездешкени менен, кандайдыр бир мунаса таба алышкан эмес.

Вашингтон Пхеньян өзөктүк куралынан баш тартканда гана санкциялар толук алынаарын билдирип келет. Түндүк Корея биринчи санкциялардын алынышын талап кылып жатат. АКШнын Мамлекеттик департаменти Вашингтон Пхеньян менен диалогду улантууга дилгир экенин, "тең салмактуу келишим түзүү үчүн ийкемдүү мамилеге" ачык экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG