Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Мэрия: Үч күндө беш жүзгө жакын кишини коноктогон "Кайнар" рестораны убактылуу жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги "Кайнар" ресторанына конокторду кабыл алып иштөөгө 12-июндан тартып убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлап, ресторанды жабуу учурун “Фейсбуктагы” расмий баракчасынан түз көрсөттү.

Мындай чаранын кабыл алынышына ресторандын администрациясы коронавируска байланыштуу карантин эрежесин сактабаганы себеп болгону айтылды.

Мэриянын адистеринин айтымында, соңку үч күндө бул жай жалпысынан 470тен ашуун адам катышкан иш-чараларды өткөрдү. Ошол адамдардын баарын тизме боюнча текшерип чыкканча айдын аягына чейин жабуу керектиги белгиленди.

Администрация өкүлдөрү айыпты мойнуна алганын айтышты.

Ресторан жайгашкан Октябрь районунун акими Максим Ситников алар менен жолугушууда эрежени сактоо азыр негизги талап экенин айтты:

"Бул өтө олуттуу мыйзам бузуу. Бизнесиңер жабыркабашы үчүн да, элдин ден соолугу үчүн да биринчи кезекте силер кызыкдар болушуңар керек эле".

"Кайнар" ресторанында көп кишинин катышуусу менен иш-чара өтүп жатканы тууралуу 11-июнда маалымат тараган.

Мэриянын маалыматына караганда, азыр “Орто-Сай” базары убактылуу жабык турат, ал жакта дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле "Centre Bar" жана "LIVE BAR" караоке-барларынын, "Ыр-Кесе" кафесинин, "BootCamp" компьютердик оюн клубунун иши токтотулган. Жакынкы күндөрү "Ош" базары да жабылат.

Жалпысынан 18-марттан 12-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2166 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1668 бейтап айыгып кетти. Вирус жуккандар башка аймактарга салыштырганда бүгүнкү күндө Бишкекте көп болууда - 710 адам.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Коомдук жайларда 50 кишиден ашык чогулууга уруксат жок.

Саламаттык сактоо министрлиги той-аштарга уруксат берүү өтүнүчтөрү айтылып жатканын, бирок азырынча бул маселе каралбай турганын 12-июнда билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG