Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Орусияда тыңчылык боюнча шек саналган Пол Уилан 16 жылга кесилди


Москвада Пол Уилан 2018-жылдын аягында камалган.
Москвада Пол Уилан 2018-жылдын аягында камалган.

Орусиянын Москва шаардык соту 15-июнда камактагы америкалык жаран Пол Уиланды 16 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Прокурорлор буга чейинки сот жараянында аны 18 жылга түрмөгө кесүүнү суранышкан.

Уилан соттогу акыркы сөзүндө кылмыш кылбаганын айтып, өзүн актоону судьядан сураган. Анын соту 20-апрелде башталган.

Бир эле учурда Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жараны болгон, мурдагы деңиз аскери Пол Улиан 2018-жылы 28-декабрда кармалган. Ал Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана келгенин айткан. Америкалык жаранга АКШнын атайын кызматтарынын пайдасына тыңчылык кылган деген айып коюлган. Колго түшкөн маалында мамлекеттик сыр болуп эсептелген маалыматтар табылганы айтылган.

48 жаштагы Пол Уилан Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан «BorgWarner» аттуу компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеген. Мичиганда жашаган жана кезинде АКШнын деңиз флотунда кызмат өтөгөн.

Дооматтарды четке каккан Уилан «бул иштин артында саясат турат, Орусия АКШнын санкциялары үчүн өч алууну көздөйт» деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG