Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:22

Депутат Жээнчороев Саймаитиге байланышкан маалыматтарды иликтеген комиссиядан чыгарын жарыялады


Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

Парламент депутаты Мирлан Жээнчороев кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын курамынан чыкканын жарыялады. Бул тууралуу депутат жаңы өкмөттүн курамын жана программасын бекитүү маселесин караган парламенттин 17-июндагы жыйынында билдирди.

Мирлан Жээнчороев өз кадамынын себебин түшүндүргөн жок. Ал өзүн комиссиядан чыгаруу маселесин жалпы жыйында добуш берүүгө коюп берүүнү өтүндү. Парламент төрагасы Дастан Жумабеков депутатка арызды кагаз түрүндө бериши керектигин айтты.

Жогорку Кеңеш былтыр Стамбулда өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин ишине байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Депутаттык комиссия былтыр Түркияда киши колдуу болуп өлгөн Саймаитини Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана анын «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.

2-июндагы жыйында УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек «Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген» деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. Депутаттарга «Саймаитинин «Азаттыктын» журналистине акча бергенин өзүнөн укканбыз» деген эки күбөнүн видео көрсөтмөсү көрсөтүлгөн. УКМКнын бул аракетин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жарандык активисттер айыптап чыгышты.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай муну «журналисттерди каралоо» деп баалады. (ErN)

XS
SM
MD
LG