Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

175 бирикме өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамды колдобоого чакырды


«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 17-беренесинин жаңы версиясы. Эски версиясы толук өзгөртүлгөн. Бул мыйзамга кирип жаткан үч өзгөртүүнүн бири.
«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 17-беренесинин жаңы версиясы. Эски версиясы толук өзгөртүлгөн. Бул мыйзамга кирип жаткан үч өзгөртүүнүн бири.

Кыргызстандагы 175 өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү парламент депутаттарына кайрылуу жолдоп, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун колдобоого чакырды.

Кайрылууда документ коммерциялык эмес уюмдардын төрт түрүнө – коомдук фонддорго, коомдук бирикмелерге, юридикалык бирикмелерге жана менчик мекемелерге дискриминациялык жана убара кылуучу кошумча талаптарды жаратаары белгиленген.

«Демилгечи депутаттардын чыныгы максаты – бул акыйкатсыз чечимдерге, коррупцияга каршы чыккан, акыйкаттыкты, теңдикти жана эркиндикти талап кылган уюмдарды жаман көрсөтүү, дискредитациялоо. Мыйзам долбоорунун авторлорунун коммерциялык эмес уюмдарга карата бардык айыптоосу негизсиз жана ойдон чыгарылган, элди атайылап адаштыруу аракети. Анткени, Кыргызстан эгемендик алгандан бери коммерциялык эмес уюмдар өлкөгө зыян келтирген бир дагы факты болгон эмес»,- деп айтылат кайрылууда.

Парламенттин 18-июндагы сессиясында өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Регламент боюнча документ түштөн кийин добушка коюлат.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 4-мартта биринчи окууда кабыл алган. Ага ылайык, коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Долбоорго алгач депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев жана Аида Исмаилова демилгечи болушкан. Маматалиев кийин авторлуктан баш тартса, Исмаилова вице-премьер-министр болуп кеткен.

Мурдараак бул мыйзам жөнүндө мыйзамга каршы 70ке жакын уюм кайрылуу таратып, ага нааразылык билдиришкен.

Өткөн аптада президенттик аппарат коммерциялык эмес уюмдардын мыйзам долбоору боюнча кайрылуусуна “эгер документ Жогорку Кеңеште колдоо тапса, силердин кайрылуу эске алынат” деп жооп берген. (ErN)

XS
SM
MD
LG