Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү


Мыйзамдын алгачкы демилгечилери. Мунун ичинен депутат Марлен Маматалиев авторлуктан чыкканын айткан. Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалган.
Мыйзамдын алгачкы демилгечилери. Мунун ичинен депутат Марлен Маматалиев авторлуктан чыкканын айткан. Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалган.

Жогорку Кеңеш 18-июндагы сессиясында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда кабыл алды. Ага 89 депутат "макул", 9у "каршы" деген добуш берди.

Сессияда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко мыйзам долбоорун «саясий буйрутманын негизинде кабыл алынып жаткан документ» деп атады. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, КСДП фракциясынын депутаты Евгения Строкова өкмөттүк эмес уюмдар өздөрү да ачык болушу керектигин билдирди.

Мыйзам долбооруна ылайык, коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Долбоорго алгач депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев жана Аида Исмаилова демилгечи болушкан. Маматалиев кийин авторлуктан баш тартса, Исмаилова вице-премьер-министр болуп кеткен.

Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга каршы 70ке жакын уюм кайрылуу таратып, ага нааразылык билдиришкен.

Өткөн аптада президенттик аппарат коммерциялык эмес уюмдардын кайрылуусуна “эгер мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапса, силердин пикир эске алынат” деп жооп берген. (TSh)

XS
SM
MD
LG