Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Жалал-Абаддын мэри коронавирус жугузуп алды


Мураталы Тагаев.
Мураталы Тагаев.

Социалдык тармактарда тараган "Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус жугузуп алыптыр" деген маалыматты шаардык мэриянын басма сөз борбору ырастады.

Мэрден COVID-19 вирусу 17-июнда аныкталган. 18-июнда мэриянын бардык кызматкерлери ПЧР анализ тапшырып, азыр жыйынтыгын күтүп жатышат.

Мекемеден кабарлашкандай, мэрияда иш ыргагы токтогон жок жана кандай тартип колдонулары эми белгилүү болот.

18-июнда шаардык кеңеште 18 депутаттын катышуусунда жаңы төраганы шайлоо өтүп, ага шаар башчысы катышкан эмес.

Тагаевден коронавирус табылганын Жалал-Абад облустук штабы да тактады. Ал жыйындарда бирге болгон облустук штабдын башка мүчөлөрүнүн абалын эпидемиологдор изилдеп жатышат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 19-июнга карата берген маалыматы боюнча, коронавирус акыркы суткада дагы 132 адамдан жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки Кыргызстанда бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Натыйжада, 19-июнга карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны Кыргызстанда 2789 адамга жетти. Акыркы суткада Бишкекте вирус жуктуруп алган 67 жаштагы эркек киши каза тапты. Ушуну менен өлкөдө илдеттен көз жумгандардын саны 32 болду. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG