Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

COVID-19: Казакстанда бир суткада сегиз киши вирустан көз жумду


Алматыдагы коронавируска каршы тесттен өткөрүүчү жай.17-июнь 2020-жыл.
Алматыдагы коронавируска каршы тесттен өткөрүүчү жай.17-июнь 2020-жыл.

Казакстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сегиз адам кайтыш болду. Өпкөнү сезгенткен коронавирусту жугузуп алгандардын саны дагы 1252 кишиге көбөйдү. Бул - өлкөдө март айында эпидемия башталгандан берки эң чоң көрсөткүч. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, вирус жаңыдан табылган адамдардын 778инде оорунун белгилери жок.

Казак бийлиги вирусту жугузуп алгандардын санын 16 351 деп көрсөтүүдө. Бирок бул тизмеге илдеттин белгилери жок адамдар кирген эмес. Алардын баарын кошкондо вируска кабылгандардын жалпы саны 23 960ты түзөт.

Расмий статистикага ылайык, өлкөдө COVID-19 илдетинен жалпы 105 киши каза тапты. Бирок 18-июнда Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Лаззат Актаева бул тизмеге кирбеген дагы 54 өлүм катталганын, ал бейтаптарда коронавирус табылганы менен башка өнөкөт оорулар болгонун айтты.

18-июнда мурдагы президент Нурсултан Назарбаев да илдетке чалдыкканы кабарланган. Анын алдында Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус табылып, мындан улам казак премьер-министри Аскар Мамин баштаган бир нече өкмөт өкүлү карантинге чыккан.

Казакстанда коронавирустун кайра күч алышына байланыштуу 20-21-июндан тартып Алматы, Нур-Султан, Караганды, Чымкент, Павлодар менен Экибастуз шаарларында чектөө чаралары күчөтүлө турган болду.

XS
SM
MD
LG