Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:43

АКШда кулчулуктун аякташынын 155 жылдыгы белгиленет


Флойддун өлүмүнө байланыштуу Вашингтондо өткөн акция, 15-июнь, 2020-жыл.
Флойддун өлүмүнө байланыштуу Вашингтондо өткөн акция, 15-июнь, 2020-жыл.

Бүгүн АКШда кулчулуктун аякташынын 155 жылдыгы белгилегени турат. Быйыл бул бейрасмий майрам афро-америкалыктардын полициянын колунан каза табышынан улам өлкөдө талкуу жүрүп жаткан учурга туш келди. Айрым шаарларда коронавирус пандемиясына байланыштуу бул күнгө байланыштуу массалык иш-чаралар токтотулса, кайсы бир аймактарда виртуалдык конференциялар же чакан жыйындар уюштурулганы жатат.

1865-жылы 19-июнда АКШдагы жарандык согуш маалында түзүлгөн биримдик армиясынын генералы Техас штатында кулчулукта жүргөн афро-америкалыктар азат кылынганын жарыялаган. Ал "Кулдарды азат кылуу жөнүндө прокламацияны" жүйө келтирген. Бул документке андан эки жылдан ашык убакыт мурда президент Абраам Линкольн кол койгон эле.

19-июнь Техас штатында расмий майрамдардын катарына кошулган. Бул күндү АКШнын башка 46 штаты жана Колумбия округу да тааныганы менен ар бир штат ар башкача белгилеп келет.

25-майда афро-америкалык Жорж Флойддун полициянын колуна түшкөндөн көп өтпөй каза табышы АКШда ири нааразылык акцияларына себеп болгону белгилүү. Расалык теңсиздикке жана полициянын зомбулугуна каршы акциялар Кошмо Штаттарда гана эмес Европа баштаган дүйнөнүн бир катар аймактарында да өттү. 12-июнда Атланта шаарында дагы бир афро-америкалык Рейшард Брукстун полициянын огунан мерт болушу нааразылыктын жаңы толкунун жараткан.

Мындай акциялардан көп өтпөй 16-июнда АКШнын президенти Дональд Трамп полицияны реформалоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Анда полицияга кадрларды тандоону жакшыртуу, кызматкерлердин стандарттарды сакташын камсыз кылуу сыяктуу бир катар чаралар камтылган.

XS
SM
MD
LG